Бишкек, 24.10.24. /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 2024-жылдын 23-октябрында Анкара шаарындагы түркиялык “TUSAŞ” компаниясына болгон терактты кескин айыптайт.
"Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат жана жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайт.
Кыргызстан боордош Түркияны терроризмге каршы күрөштө колдойт", - деп айтылат маалыматта.
 
	 
                                             
                                             
                                             
                                             
             
             
             
             
             
             
                     
                     
                     
                    
Пикир
Оставить комментарий