Бишкек, 19.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана ашууларында кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-февралдан 20-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле төмөнкү ашууларда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот:
- Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу);
 - Бишкек-Ош унаа жолунун 198-260-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
 - Суусамыр-Талас-Тараз 1-14-чакырымдарында (Өтмөк ашуусу):
 - Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 59-113-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу);
 - Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымдарында;
 - Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында;
 - Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарында (Долон ашуусу),
 - Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 353-357-чакырымдарында (Кызыл-Бел ашуусу);
 - Казарман-Ак-Тал-Чат унаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу, Ийри-Суу тилкеси);
 - Арал-Миң-Куш унаа жолунун 1-14-чакырымдарында;
 - Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу);
 - Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымдарында (Сөөк ашуусу);
 - Түп-Кеген унаа жолунун 51-76-чакырымдарында;
 - Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 97-98, 110-136-чакырымдарында;
 - Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 165-177, 218-224-чакырымдарында (Талдык, Тоң-Мурун ашуулары).
 
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
	
                                                        
                    
                    
                    
                    
Пикир
Оставить комментарий