• 87.45
  • 100.37
  • 1.12

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 29.11.21. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 29-ноябрында жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-107-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя-Кызыл-Адыр унаа жолунун 219-237-чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 74-85-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Пикир

Оставить комментарий