Бишкек, 24.10.18. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кытайдын КРдагы элчиси Сяо Цинхуаны кабыл алды.
Ведомствонун басма-сөз кызматы билдиргендей, элчи Кытай Республикасынын тышкы иштер министри Ван Инин Ч.Айдарбековдун жаңы кызмат ордуна дайындалышына байланыштуу куттуктоо сөздөрүн жеткирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгы тууралуу жана алдыда күтүлүп жаткан жогорку деңгээлдеги визиттер тууралуу сөз кылышты.
 
	 
                                                         
                     
                     
                    
Пикир
Оставить комментарий