• 87.45
  • 94.92
  • 1.03

Кыргызстандын түштүк аймагында сел жүрүшү мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 04.04.21. /Кабар/. Кыргызстандын түштүк аймагында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-6-апрелде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектериндеги аймактарынын төмөн жерлерин суу капташы мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий