• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Кыргызстандын футзал боюнча курамасы Сауд Аравиянын командасын жеңип алды

Спорт 0

Бишкек, 04.02.20. /Кабар/. Футзал боюнча Кыргызстандын курамасы алгачкы жолдоштук беттеште Сауд Аравиянын командасын жеңип алды. Бул тууралуу Футбол федерациясынан кабарлашты.

Оюн 5:3 эсебинде аяктады.

Беттештин биринчи бөлүгүндө эки команда тең эки голдон киргизди. Экинчи бөлүктө кыргызстандык команда үч гол киргизип, алдыга озуп чыкты.

Улуттук кураманын кийинки беттеши 5-февралда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий