• 87.45
  • 94.92
  • 1.03

Кыргызстандын Футбол федерациясы аталышын өзгөрттү

Спорт 0

Бишкек, 13.02.20. /Кабар/. Кыргызстандын Футбол федерациясы Кыргызстандын Футбол бирикмесине өзгөртүлдү. Бул тууралуу аталган бирикмеден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бахадыр Кочкаров Кыргызстандын футбол бирикмесинин Калыстар комитетинин төрагасы болуп дайындалды.

Бахадыр Кочкаров – белгилүү кыргыз футбол калысы, карьерасын 1997-жылы баштаган. Ал акыркы эл аралык беттешин 2019-жылдын 10-ноябрында калыстык кылган. Реферинин ФИФА даражасындагы жардамчысы дүйнө чемпионатында 9 беттеште калыстык кылган.

Пикир

Оставить комментарий