Бишкек, 26.12.24. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы Ысык-Көлдөгү машыгуусун жыйынтыктады.
Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, Кыргызстандын жаштар курамасы Ысык-Көлдөгү окуу-машыгуу жыйынын кураманын башкы машыктыруучусу Сергий Пучковдун жетекчилиги алдында өткөрдү.
Курама эми борбор калаанын "Мурас Юнайтед" базасында машыгууларын улантып, январдын башында бир айлык окуу-машыгуу жыйынын өткөрүү үчүн Испанияга сапар алат.
Пикир
Оставить комментарий