• 87.45
  • 99.57
  • 1.07

Кыргызстандын футбол боюнча U-15 кыз-келиндер курамасы Өзбекстан менен ойнойт

Спорт 0

Бишкек, 25.11.24. /Кабар/. Кыргызстандын U-15 кыздар курамасы Өзбекстанга каршы эки жолдоштук беттеш өткөрөт.

Кыргыз футбол биримдигинен маалымдашкандай, оюндар 26 жана 28-ноябрь күндөрү Ташкенттин “Чагатай” футболдук базасында орун алат.

Аталган беттештерге даярдык көрүү максатында курама башкы машыктыруучу Азамат Ногоевдин жетекчилигинде 18-ноябрдан тарта биримдиктин футбол академиясынын базасында машыкты.

Бул окуу-машыгуу жыйын жана беттештер менен команда келерки жылдын 26-апрелинен 4-майга чейин өтө турган Азия кубогунун тандоо оюндарынын биринчи раундуна даярдык көрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий