• 87.45
  • 99.57
  • 1.07

Кыргызстандын фехтования боюнча курамасы Азия чемпионатында коло байге утту

Спорт 0

Бишкек, 07.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын фехтования боюнча курамасы кадеттер жана юниорлор арасында Азия чемпионатында коло байге утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш 3-мартта Ташкент шаарында өттү.

Турнирде командалык жарышта коло байгени Айпери Токтогулова, Акак Кеңешова жана Юлия Никитина жеңди.

Фехтования боюнча Азия чемпионатына 20 өлкөдөн 300дөн ашык спортчу катышты.

Пикир

Оставить комментарий