Мигранттардан акча. Чет жактарда иштеп жүргөн кыргыз мигранттары жыл жашынан бери Кыргызстанга 700 млн. доллардан ашун акча которушкан. КР Улуттук банктын маалыматы боюнча, бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 84,5 млн. долларга көп.
КРУБ билдиргендей, өлкөгө түшкөн каражаттардын дээрлик 95%ы Россияда иштеп жүргөндөргө туура келет.
Блокчейн боюнча форум. КР экономика министрлигинде биринчи жолу блокчейн боюнча Борбор Азия мамлекеттери ортосунда Эл аралык форум болуп өттү. Ага КРдин каржы уюмдарындагы адистер жана КЭРнан келген коноктор катышты.
Форумда Экономика министрлигинин аймактар боюнча башкармалыгынын башчысы Зайнидин Жумалиев билдиргендей, 25 жылдын аралыгында КЭР менен КР кызматташуу жаатындагы негизги өнөктөштөр болуп саналат.
“Биздин бизнесмендер КЭРнын бизнес-бирикмелери менен тыгыз кызматташып келишет. Ар кандай аянтчаларда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланып, блокчейнди өнүктүрүүнүн негизинде ар тараптуу багыттагы иштер талкууланат”, - деп билдирди ал.
Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр. Бул жумада Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында КР айрым мыйзам актыларына “Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө”, “Экологиялык экспертиза жөнүндө” мыйзамдарга” өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору 2-окуунун режиминде карады.
“Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө” мыйзамда атмосфералык абага физикалык таасирлер жана атмосфералык кубулуштардын жасалма өзгөрүүлөрү боюнча иш-аракетти жүргүзүүгө берилүүчү уруксаттын жок болгондугуна байланыштуу, бул мыйзамдын 21 жана 36-беренелерине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизүү сунушталган.
Башкача айтканда, атмосфералык аба дуушар болгон зыяндуу таасирди токтотууга багытталган өзгөртүүлөр сунушталган.
Бааны төмөндөтүү сунушталууда. КР экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров Россия-Кыргыз өнүгүү фондуна (РКӨФ) Кыргызстандын аймактарында кичи бизнес үчүн насыя пайызынын баасын төмөндөтүүнү сунуштады. Ал билдиргендей, Кыргызстан Евразия бирикмесине киргенден тарта КР экономикасында бир катар жакшы учурлар байкалууда.
“Биздин товар айлантуу 10 эсеге өстү, экспорттун болжолдуу суммасы 260 млн. АКШ доллары. Россияга болгон азыктардын эле экспорту 50 млн. долларды түздү, бул болжол менен 35 пайыз. Кыргызстандын Россия-Кыргыз өнүгүү фонду менен биргелешкен ишинин жүрүшүндө дээрлик миңге жакын долбоорлор жактырылды. Биз анализ жүргүздүк, чындыгында эле фонд КР экономикасынын илгерилешине жардам берүүдө”, - деди Абакиров.
Товар айлантуу өсүүдө. 2017-жылы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар айлантуу 1,5 млрд. долларды түзгөн, ал эми экспорттун көлөмү 260 млн. доллар болгон. КР экономика министринин орун басары Эльдар Абакировдун айтуусунда, Россия-Кыргыз өнүгүү фондунун ишмердүүлүгү тууралуу кепке байланыштуу экономика министрлигине ишкерлерден Фонддун ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар даттануулар келип түшүүдө. Ишкерлердин айтуусунда, аталган каржы институту фонд эмес банкка айланып бара жатат. Бул башка каржы булактарын колдонуу керек дегендин айтып турат. Ага карабастан фонддун ишмердүүлүгүндө оң жылыштар да бар.
“Бүгүнкү күндө фонд жалпы суммасы 276 млн. долларды түзгөн 1064 долбоорду жактырды. Фонд аркылуу каржыланган ишканалар экспорттун көлөмүн 35% жогорулатты”, - деп билдирди министрдин орун басары.
Кошумча акы. КР Мамлекеттик салык кызматы 2018-жылдын башынан бери 4817 ишкердик субъекттерин текшерди. Маалыматка ылайык, өлкө бюджетине жашырылган 19 млрд. 969,9 мл. сом өлчөмүндө салык которулган. Бул 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14 млрд. 573,2 млн. сомго көп.
Салык текшерүүдөгү материалдардан боюнча жалпы сумма 2 млрд. 340 млн. сомду түзгөн, бул былтыркы жылдын беш айына салыштырмалуу 743,3 млн. сомго же 47% көп.
Андан тышкары, жыл башынан бери тиешелүү чара колдонуу үчүн укук коргоо органдарына 67 материал жөнөтүлгөн.
РФда шарапты жарнама кылууга жол берилет. Россия Мамдумасы 2018-жылдын 14-июнундагы ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү шарап жана шампандарды жарнама кылууга уруксат бериле турган мыйзам долбоорун колдоду. Мамдума Россия өкмөтүнүн тапшырмасы менен Россиянын Федералдык монополияга каршы кызматы (ФАК) тарабынан иштелип чыккан мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. (“Жарнама тууралуу” бул ЕАЭБ боюнча Россияга өнөктөш болгон Армения, Белоруссия, Казакстан жана Кыргызстанга – Россиянын ЖМКда шарап жана шампандарды жарнама кылууга уруксат берет).
Документте айтылгандай, учурда Россияга жергиликтүү жүзүмдөн чыгарылган шарап жана шампан өндүрүүчүлөрдүн басылмаларда жана жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:00дөн 7:00гө чейин теле жана радио программаларда жарнама кылууга мүмкүнчүлүктөрү бар.
Алтын түрүндө сактоо. КР Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Блумберг басылмасына берген маегинде билдиргендей, оюн эрежесинин өзгөргөндүгүнө байланыштуу Кыргызстанга алтын-акча каражаттарын алтын түрүндө сактагандыгы коопсузураак болот. Бул эки негизги өнөктөш өлкөлөр АКШ менен экономикалык тирешүүдө болгондугуна байланыштуу, ошондуктан алтын түрүндө сактоо оң.
“Оюндун эрежеси өзгөрүүдө. Биздин резевде эмне көп болгондугу маанисиз – Америка доллары, Кытайдын юаны же болбосо рубль, биз аярлуу болуп калабыз”, - деп билдирди ал.
Басылма Кыргызстан импорт жагынан Кытай жана Россиядан, ал эми Москвадан эмгек мигранттары которгон акчадан каттуу көз каранды экендигин билет. Бул саясаттын натыйжасында Кыргызстандын жалпы алтын үлүштүк пайызынын эл аралык камы Россиянын деңгээлине жакындап, өнүгүп келе жаткан Индия жана Түркия сыяктуу өлкөлөрдөн ашып түштү. Бул тууралуу алтын боюнча Дүйнөлүк кеңештин маалыматы күбө боло алат. АКШ менен Германияда бардык камдын дээрлик 70%ы алтын түрүндө сакталат.
“КР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча, 2017-жылда республиканын өнөр-жай ишканалары болжол менен 3,4 млр. АКШ долларына азык өндүргөн. Аны менен бирге Улуттук банк “Кумтөрдө” казылган алтынды сатып албайт”, - деп жазат Bloomberg.
“Эгерде биз алтын саткыбыз келсе, анда аны оңой эле жасап, өзүбүз каалаган акчага айланта алабыз”, - деп кошумчалаган КРУБнын төрагасы.
"Кабар" МАБ
Пикир
Оставить комментарий