Бишкек, 20.10.24. /Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курамасынын мүчөлөрү Дүйнө чемпионатына даярдык көрүү максатында Бишкек шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрүүдө.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, 6-октябрь күнү башталган окуу-машыгуу жыйыны 20-октябрда жыйынтыкталат.
Курама команданын тизмеси:
- 48 кг Ясур Таалайбек уулу;
 - 51 кг Зафарбек Камилов, Момуналы Ыбрайманкулов;
 - 54 кг Амантур Жумаев, Руслан Жусупов;
 - 57 кг Нурболот Султанов;
 - 60 кг Диербек Садиров, Алихан Майрамбеков;
 - 63,5 кг Ооматбек Беленбаев, Султанмурат Бөрүбаев;
 - 67 кг Рамазан Кадыров;
 - 75 кг Рамазан Рахманбердиев, Рамазан Исаев;
 - 80 кг Азиз Мухаммад Закиров;
 - 86 кг Азим Чойбеков;
 - 92 кг Тыныстан Алыбеков;
 - +92 кг Мырзакир Кошалиев.
 - Бейшен Сабатаров жана Улан Төлөнбай уулу машыктыруучулар.
 
Белгилей кетсек, окуу-машыгуу жыйыны “Ынтымак” олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектебинин 2024-жылга карата календардык планына ылайык өткөрүлүүдө.
	
                                                        
                    
                    
                    
                    
Пикир
Оставить комментарий