Бишкек, 30.10.23. /Кабар/. Алдын ала маалымат боюнча, Кыргызстандын аймагында 23-29-октябрь күндөрү 23 миң 393 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган башкы башкармалыктан билдиришти.
Анын ичинде:
• документи жок унаа башкаруу — 247;
• 255 — мас абалында унаа башкаруу;
• 86 — унаанын терезесин мыйзамсыз караңгылатуу;
• 484 — жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусундагы жол кырсыгы;
• 8 миң 297 — ТК эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу ;
• 7 — автоээнбаштык;
• 2 миң 408 —  ылдамдыктан ашырып айдоо;
• ар кандай эреже бузуулар —  11 миң 859.
Ал эми 1 миң 79 автоунаа айып короосуна киргизилген.
	
                                                        
                    
                    
                    
                    
Пикир
Оставить комментарий