Бишкек, 15.05.24. /Кабар/. Кыргызстандык окуучулар биология боюнча Борбор Азия (CABO 2024) олимпиадасында 10 медаль жеңип алышты.
Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен 1 алтын, 3 күмүш жана 6 коло медаль.
- алтын медаль – Улукбек Русланбеков, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейи.
 - күмүш медаль – Нурсултан Увалиев, К.Карасаев атындагы Каракол лицейи; Байзак Карыпжанов, "Манас-Ата"Талас лицейи; Умар Эргешов, Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейи.
 - коло медаль – Өмүрбек Русланбеков, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейи; Нурбол Акматалиев, Дастан Исаев жана Ирина Разводовская Бишкек шаарындагы American-European мектебинен; Арсений Виноградов жана Элхан Акимов Жайыл Баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейинен.
 
11-12-майда өткөн олимпиадага Борбор Азиядан 78, анын ичинде Кыргызстандан 27 окуучу катышты.
	
                                            
                                            
                                            
                                            
                                            
                                            
                                            
                                            
                                            
                                            
                                            
                                            
            
            
            
            
            
            
                    
                    
                    
                    
Пикир
Оставить комментарий