• 87.45
  • 94.92
  • 1.03

Кыргызстандык экспортчулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр. Өзбекстан менен кызматташуу чыңдалууда

Экономика 0

Бишкек, 13.01.25. /Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы соода өкүлчүлүгү “Food City Tashkent” ЖЧКсы менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койду.

Экономика министрлигинен билдиришкендей, бул келишим кыргыз өндүрүүчүлөрүнө Өзбекстандын рыногуна чыгууга жана узак мөөнөттүү өнөктөштүктөрдү түзүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Келишимдин алкагында “Food City Tashkent” соода аянтчасынын аймагында үзгүлтүксүз жарманкелер уюштурулат. Бул иш-чараларда кыргыз ишкерлери өз продукциясын көрсөтүп, потенциалдуу сатып алуучулар менен түз байланышка чыгып, узак мөөнөттүү келишимдерди түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Логистиканы жөнөкөйлөтүү жана ишкерлердин чыгымдарын кыскартуу максатында “Food City Tashkent” кыргызстандык экспортчуларга соода аянтчаларын жана кампаларды акысыз пайдаланууга берет.

Өз кезегинде Өзбекстан тарап кыргызстандык өндүрүүчүлөр менен өзбекстандык импортчулардын ортосунда түз байланышты түзүүгө көмөк көрсөтүп, зарыл көлөмдө товар жеткирүүнү камсыз кылууну колдойт.

Белгиленгендей, бул меморандум кыргыз өндүрүүчүлөрүнүн Өзбекстан рыногундагы катышуусун кеңейтүү жана экспортчуларды жаңы соода аянтчаларга чыгарууну жеңилдетүү үчүн зарыл шарттарды түзөт.

Маалымат үчүн: “Food City Tashkent” – бул тамак-аш продукциясы менен соода жүргүзүү жана жеткирүүчүлөрдү сатып алуучулар менен байланыштырууга арналган соода аянтчасы.

Пикир

Оставить комментарий