• 87.45
  • 94.92
  • 1.03

Кыргызстандагы реформа саясаты чоң өзгөрүүлөргө жол ачты

Коом 0

Кыргызстандагы акыркы мезгилдеги өзгөрүүлөр өлкөнүн жарандарын гана эмес, чет мамлекеттерди жана ар кандай эл аралык уюмдарды дагы таң калтырды. Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антонио Гутерриш дагы жайында Кыргызстанга келгенде өлкөдөгү өзгөрүүлөрдү байкаганын айткан. Ал президент Садыр Жапаровго кайрылып, “Сиз Кыргызстанды дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн катарында көрүүнү каалап жатканыңызды айттыңыз эле. Мен сиздердин өлкөдө мурда бир нече жолу болдум жана мындай динамиканы эч качан көргөн эмесмин. Кыргызстанды “уктап жаткан сулуу” деп айтчумун. Азыр мен Кыргызстан кыймылдаткыч күч экенине ишенем”, - деп баса белгилеген ал. Кантсе да бул образдуу салыштырма болсо дагы, өлкөнүн азыркы абалын так мүнөздөйт.

Эгемендүүлүк алган 30 жылда жасалбаган иштер төрт жыл аралыгында аткарылып, Кыргызстан алдыга чоң секирик жасады. Ошол ийгиликтер ички жана тышкы саясатка байланышканын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Чолпонкул Арабаев белгиледи.

“Садыр Жапаров президенттике келген жылдардан баштап саясий маселеде тартипке катуу турду. Жогорку Кеңешке жана жергиликтүү кеңештердин шайлоолору өттү. Анан албетте, кыргыз мамлекетин башкаруудагы бир топ өзгөчөлүктөр менен жаңы Конституциянын редакциясы кабыл алынды. Андан кийин Кыргызстанда башкаруу системасы жаңы нукка бурулду, башкача айтканда жаңы Кыргызстанды куруу деген чакырык менен башталды. Буга чейин кеткен кемчиликтерге же президент же парламент жооп бербейт эле. Өкмөт гана жоопко тартылып, эгемендүү жылдарда канча деген өкмөт алмашкан учуру болгон,”- дейт академик.

Тарых илимдеринин доктору Зайнидин Курманов эгемендүү Кыргызстандын өнүгүшүнүн жана калыптануусунун ар кандай доорлорун талдап, фактыларга таянып, “мурда кандай эле, азыр кандай” формуласына салып, салыштырууга мүмкүндүк берген акценттерди ачык айтып берди.

«Кыргызстандын экономикасынын мурунку абалы, менимче, жалпысынан айтканда «мышык ыйлагыдай” болчу. Кээ бир чиновниктер үчүн коррупция кадимки жашоо образы болуп калган. Эгерде кайсы бир жетекчи пара албаса, бул нормалдуу эмес деп эсептелчи. Компетентсиздик, жулууну, трайбализм үстөмдүк кылып келген. Ал эми саясий чөйрөдө баары куру кеп менен чектелип турган. Алсыз парламент, көз каранды сот жана коррупциялашкан укук коргоо органдары, бандитизм күнүмдүк көрүнүш ошол мезгилдин катардагы көрүнүшү эле. Тилекке каршы, бул коркунучтуу көрүнүшкө көнүп баштаганбыз. Мунун баарын биздин жаштар көрүп, сырткы өнөктөштөрүбүз дагы байкашкан. Биз терең, түбү жок чуңкурга түшкөндөй болгонбуз. Өлкөнү бул абалдан чыгаруу дээрлик мүмкүн эместей көрүнгөн.

Өлкөнү мурунку лидер сөрөйлөр талкалап, тоношкон. Башкаруу формаларынын ортосундагы ар кандай сунуштар өтө чаташкан көрүнүш болду. Айрыкча 2010-жылы сунушталган парламенттик башкаруу, андан кийинки парламент менен президенттик биргелешип башкарууну киргизүү аракетин айтсак болот. Парламентаризм уюштуруучулук жана технологиялык жактан өтө татаал система экенин ошол кездеги революционербиз дегендер түшүнүшкөн эмес. Ал кездеги бийликтегилердин мыйзамсыз иштерин эске алганда, биз парламенттик башкарууга таптакыр даяр эмес болчубуз. Мамлекет башчысы өлкөнүн абалы үчүн эч кандай жоопкерчилик тартпаган жарым президенттик, жарым парламенттик башкаруунун формасына киргизүү эксперименти да толугу менен ишке ашкан эмес», - дейт Зайнидин Курманов.

Ал эми азыр президент Садыр Жапаров 2020-жылдан бери баштаган реформалык саясатын ишке ашыргандан тарта, Кыргызстан кандай өзгөрүүлөргө жетишкенине саресеп салып көрөлү.

«Эгер Кыргызстандын азыркы абалына байкоо салып караганда, оптимисттик сүрөттү көрүп турабыз. Экономика тез өнүгүп жатат, бардык негизги көрсөткүчтөр өсүүдө, айлыктар, пенсиялар жана жөлөк пулдар көбөйүүдө. Реалдуу сектордо масштабдуу кайра куруулар ишке ашырылып, завод-фабрикалар ачылып, жаңы өндүрүштөр түзүлүүдө. Алгылыктуу өзгөрүүлөрдү санай берсең өтө көп», - деп белгилейт Курманов.

Өлкө “туңгуюктан” чыга алды. Акыркы үч жылда бизде ИДП 9% өстү, профициттик бюджет жаралды. Экономика кайра жанданды жана күч алууда, өнөр жай, айыл чарба, энергетика тармагы өнүгүп, калктын турмуш деңгээли жогорулап жатат. 2024-жылы Кыргызстанда жүздөн ашык ишкана ишке кирди. Бийлик, Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу социалдык турак жайлардын курулушун массалык түрдө баштаганга жетишти, республика боюнча билим берүү жана медициналык мекемелер курулууда. Өлкөдө болуп жаткан ийгиликтер республиканын жетекчилигинин башкаруу системасын башка нукка буруп, саясий эркин көрсөтпөсө мындай кадамдарды жасоо мүмкүн эмес эле.

«Биз көрүп жаткан трансформациялар жана өзгөрүүлөр – экономиканын 9%га өсүшү, жаңы пайда болгон перспективалар – Конституциялык реформанын натыйжасы. Биз президенттик башкаруу формасына өткөнүбүз, ыкчам башкарууну ишке киргизип, өзгөрүүлөрдү баштоого мүмкүнчүлүк берди. Президент эки тизгин бир чылбырды колуна алып, өлкөдө болуп жаткан бардык тармак үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. Албетте, мунун артында кыйынчылыктар жана тоскоолдуктар бар, коррупционер элитанын нааразычылыгы, каршылыгын да айта кетпесек болбойт. Бирок бул, албетте, мурдагыдай масштабга ээ эмес, азыр бийлик институттарын турукташтыруу процесси жүрүп жатат.

Биз туура жолду таптык, бул жолдон кайтпаш керек. Экономикалык жана саясий реформаларды улантуу зарыл. Мыйзамсыз алынган мүлктөр мамлекетке кайтарылып жатканын көрүп жатабыз, коррупцияга каршы мыйзамдар катаалданууда, анткени мурда уурдаганга мүмкүнчүлүк бар болчу. Ооба, кыйын учурлар болду, бирок образдуу айтканда, биз азыр өлкөнү рак оорусунан дарылап жатабыз жана хирургиялык кийлигишүүсүз айыктыруу мүмкүн эмес. Эл аралык арбитражда утулуп калабыз деп элдин баары кыйкырып жатканда, президент убада кылгандай Кумтөрдү улутташтыруудан корккон жок. Мындай иштер башка багыттарда да уланып жатат»,– деп жыйынтыктайт эскперт.

Ошентип, 30 жылда жасалбаган иштер аз эле убакытта жүзөөгө ашты. Саясий-экономикалык реформалар мыкты натыйжасын бере баштады. Мамлекет элдин жашоо шартын ондогонго туруктуу багыт алып, элдин бийликке болгон ишеними артып, өлкөдөгү ар бир жетишкендик сыймыктануу менен айтыла баштады. Себеби, Кыргызстанда мамлекеттин сырткы келбети гана эмес, башкаруунун философиясы өзгөрдү.

Бактыбек Мамбетов, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий