• 87.45
  • 94.92
  • 1.03

Кыргызстанда өткөн жылы 441,2 миң тонна эт өндүрүлдү

Экономика 0

Бишкек, 17.01.23. /Кабар/. 2022-жылдын жыйынтыгы менен республикада бардык категориядагы чарбакер субъектилерде 441,2 миң тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул 2021-жылга салыштырмалуу 12,2 миң тоннага же 2,9 пайызга көбүрөөк.

"Эт өндүрүүнүн көбөйүшүнүн эң негизги себеби кой, эчки жана үй канаттууларынан тышкары малдын санынын көбөйүшү менен байланыштуу", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий