Бишкек, 11.09.24. /Кабар/. 2024-жылдын 10-сентябрына карата Кыргызстандын аймагында тамак-аш азыктарын, ага кирген суусундуктарды жана тамеки өндүрүү багытында 415 юридикалык ири жана орто ишканалар катталды.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинде облустар боюнча:
- Баткен облусунда – 7;
 - Жалал-Абад облусунда – 38;
 - Ош облусунда – 28;
 - Ысык-Көл облусунда – 25;
 - Нарын облусунда – 11;
 - Талас облусунда – 4;
 - Чүй облусунда – 136;
 - Бишкек шаарында – 146;
 - Ош шаарында – 20.
 
Ошондой эле тамак-аш азыктарын, ага кирген суусундуктарды жана тамеки өндүрүү багытында 10813 жеке ишкерлер катталган, алардын ичинен облустар боюнча:
- Баткен облусунда – 1214
 - Жалал-Абад облусунда – 1499;
 - Ысык-Көл облусунда – 712;
 - Нарын облусунда – 562;
 - Ош облусунда – 3021;
 - Талас облусунда – 194;
 - Чүй облусунда – 1815;
 - Бишкек шаарында – 1093;
 - Ош шаарында – 703.
 
Республиканын кайра иштетүүчү өнөр жайынын продукциясынын жалпы көлөмүндө тамак-аш азыктарын, ага кирген суусундуктар жана тамеки өндүрүү боюнча ишканалардын үлүшү отчеттук мезгилде 21,4 %ды түздү.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 2024-жылдын январь-июль айларында айыл чарба продукциясын кайра иштетүү өнөр-жай ишканалары тарабынан учурдагы баа менен 45148,1 млн сом көлөмүндө тамак-аш азыктары, ага кирген суусундуктар жана тамеки өндүрүлгөн, физикалык көлөмдүн индекси – 120%ды түзгөн.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 15-августуна карата ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагы боюнча өткөрүлүүчү контролдонуучу товарларды өндүрүүнү, кайра иштетүүнү жана сактоону жүзөгө ашыруучу Кыргызстандын уюмдарынын жана жактарынын реестринде болгону 400 субъект катталган, анын ичинде:
- сүт продукциясын өндүрүү боюнча – 44;
 - бал чогултуу жана сатуу – 68;
 - балык кайра иштетүү – 44;
 - термикалык иштетилген эт азыктарын өндүрүү – 21;
 - улуттук сүт азыктарын өндүрүү – 3;
 - касапкана – 11;
 - тирүү малды өстүрүү жана сатуу – 35;
 - канаттууларды кайра иштетүүчү ишканалар – 10;
 - мал азыгын өндүрүү жана сатуу – 23;
 - жаныбарлардан алынган азыктарды сактоо жана сатуу – 126;
 - жаныбарлардан алынган сырьену (ичеги, жүн, тери) кайра иштетүү – 14;
 - ветеринардык препараттар – 1.
 
	
                                                        
                    
                    
                    
                    
Пикир
Оставить комментарий