Бишкек, 19.12.24. /Кабар/. Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын координациялоосу менен 19-20-декабрда ЖМК өкүлдөрү үчүн Аскердик жана жеңил куралдарды көзөмөлдөө маселелерин чагылдыруу боюнча SALIENT долбоорунун алкагында "Кыргыз Республикасында ок атуучу жана жеңил куралдарга көзөмөлдү күчөтүү" аталышындагы семинар өтүүдө.
Семинар Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен ПРООНдун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн 2024-жылга карата биргелешкен аракеттер планынын алкагында өтүүдө.
Семинарга Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жарандык коомдун жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышууда.
Буга чейин көзөмөлдөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана бирдиктүү координацияны камсыз кылуу максатында Коопсуздук кеңешинин катчылыгы Кыргызстанда ок атуучу куралдарды жана жеңил куралдарды контролдоо боюнча Улуттук координатор болуп аныкталган.
Семинардын ачылышында Марат Иманкулов аткыч куралдарды көзөмөлдөө мамлекеттик гана милдет эмес, эл аралык милдет да экенин белгиледи. Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун ок атуучу куралдардын мыйзамсыз айланышын болтурбоо боюнча иш-аракеттер программасы сыяктуу бир катар эл аралык келишимдерди ишке ашырууга активдүү катышып, алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбаны ишке ашырууга умтулгандыгы айтылды.
Ал белгилегендей, массалык маалымат каражаттары коом менен мамлекеттик органдардын ортосундагы көпүрө катары көйгөйлөрдү гана аныктоого жардам бербестен, курал катуу көзөмөлгө алынган, аларды мыйзамсыз пайдалануудан корголгон коопсуз коом жана туруктуу чөйрөнү түзүүнүн жолдорун да сунуштоого тийиш.
Пикир
Оставить комментарий