• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Кыргызстанда кышкы туристтик сезон 17-декабрда расмий ачылат

Коом 0

Бишкек, 13.12.22. /Кабар/. Кыргызстанда 2022-2023-жылдардын кышкы туристтик сезону 17-декабрда расмий ачылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, расмий иш-чара "ЗИЛ" тоо лыжа базасында өтөт.

"Иш-чаранын алкагында интерактивдүү элементтерди камтыган лыжа тебүүнү сүйүүчүлөрдүн оюн-зооктору, эс алуучулар арасында түрдүү сынактар, өнөрпоздордун катышуусундагы концерттик программа жана башка көптөгөн кызыктуу оюндар жана сынактар уюштурулуп, түрдүү байгелерди утуп алуу мүмкүнчүлүгү түзүлмөкчү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий