• 87.45
  • 99.2
  • 1.06

Кыргызстанда коррупцияны 5-10% чейин кыскартуу пландалууда – Ташиев

Коом 0

Бишкек, 16.01.25. /Кабар/. Кыргызстанда коррупциянын деңгээлин 5-10 пайызга чейин кыскартуу пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жогорку билим берүү системасынын кызматкерлери менен жолугушууда билдирди.

«Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамыны нормаларына ылайык, 2025-2026-жылдары УКМК коррупциянын деңгээлин 5-10 пайызга чейин төмөндөтүүнү пландаштырууда. Бүгүнкү күндө көрсөткүч 30-40 пайыз деңгээлинде турса, ал эми мурдагы мезгилдерде үрөй учурган 70-80 пайызды түзчү", - деп билдирди УКМКнын башчысы.

Пикир

Оставить комментарий