• 87.45
  • 100.59
  • 1.11

Кыргызстанда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 14.02.19. /Кабар/. Ош облусунда очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

КРнын Улуттук илимдер академиясынын Сеймология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 14-февралда болжол менен саат 06:28дер чамасында болгон.

Жер титирөө Талдык, Тээке, Лаглан айылдарында 4 балл, Папан, Алга-Бас, Кара-Шоро, Боз–Караган, Кызыл-Туу, Алчалы, Бек-Жар, Каблан-Көл айылдарында 3,5 балл, Гүлчө, Таш-Короо, Чайчи, Тогуз-Булак, Арпа-Тектир, Кара-Сөгөт, Лангар, Кызыл-Коргон, Мурдаш айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий