• 87.02
  • 95.29
  • 1.05

Кыргызстанда бизнести колдоого рекорддук сумма – 3 млрд сом кепилдик берилди

Экономика 0

Бишкек, 12.12.24. /Кабар/. "Кепилдик фонд" ААК үстүбүздөгү жылы өзүнүн ишмердигинин бардык мезгилинде өлкөнүн бизнесине берилген кепилдиктердин кезектеги рекорддук суммасына жетишти.

Фонддон билдиришкендей, бул сумма үч миллиарддык белгиден ашып, 11-декабрга карата 3 млрд 48 млн сомду түздү. Өткөн жылы бул көрсөткүч 2 млрд 820 млн сом деңгээлинде болгон, ал учурда эң жогорку көрсөткүч болгон.

2024-жылы берилген кепилдиктердин көрсөтүлгөн суммасы ишкерлерди 8 млрд 770 млн сомдон ашык көлөмдө кредиттик ресурстарга жетүү мүмкүндүгүн камсыз кылууга мүмкүндүк берди.

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча "Кепилдик фонд" ААК аркылуу бизнести өнүктүрүүгө багытталган кредиттик каражаттардын суммасы 8 млрд 26 млн сомду түздү.

Пикир

Оставить комментарий