Бишкек, 20.01.25./Кабар/. Кыргызстанда 13-январдан 19-январга чейин алдын ала маалымат боюнча, 23 миң 276 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:
- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 761;
- мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 320;
- авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 137;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 147;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 4 186;
- авто ээнбаштык – 12;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 288;
- жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 11;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 965;
Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 449 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
Пикир
Оставить комментарий