Бишкек, 09.09.2024. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында 2-сентябрдан 8-сентябрга чейинки аралыкта алдын ала маалымат боюнча, 20 миң 858 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:
- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 482;
 - мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 249;
 - авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу– 57;
 - жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 392;
 - транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 157;
 - авто ээнбаштык – 8;
 - белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4 миң 492;
 - жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 1;
 - башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 12 миң 20;
 
Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 миң 222 авто унаа айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.
	
                                                        
                    
                    
                    
                    
Пикир
Оставить комментарий