Бишкек, 07.10.2024. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында 30-сентябрдан 6-октябрга чейинки аралыкта алдын ала маалымат боюнча, 19 миң 51 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:
- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 509;
 - мас абалында авто транспорт каражатын башкаруу – 188;
 - авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу– 46;
 - жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 599;
 - транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 328;
 - авто ээнбаштык – 11;
 - белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 миң 748;
 - жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 3;
 - башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 600;
 
Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 834 авто унаа айып короо жайына токтотулган.
	
                                                        
                    
                    
                    
                    
Пикир
Оставить комментарий