Бишкек, 05.12.22. /Кабар/. Кыргызстанда 26-ноябрдан 2-декабрга чейинки аралыкта 15 миң 367 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- документи жок унаа башкаруу - 195
 - мас абалында автоунаа башкаруу - 318
 - автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 33
 - жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 275
 - транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 4 058
 - транспорт каражаттарынын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу - 6 478
 - башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 4 010
 
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
	
                                                        
                    
                    
                    
                    
Пикир
Оставить комментарий