Бишкек, 05.08.24. /Кабар/. Кыргызстанда 29-июлдан 4-августка чейин 20 миң 245 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.
Анын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-482;
 - Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -200;
 - Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-53;
 - Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-1173;
 - Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-3170;
 - Авто ээнбаштык - 12;
 - Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 4280;
 - Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 1;
 - Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 311;
 
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1605 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ИИМдин ЖКККББы эгерде жол эреже бузуу фактысына күбө болсоңуз (0777) 102-102 ишеним номерине жөнөтүп койсо болоорун эскертет.
	
                                                        
                    
                    
                    
                    
Пикир
Оставить комментарий