• 87.45
  • 101.07
  • 1.07

Кыргызстанда бир аптада КРВИ менен сасык тумоонун дээрлик 4,3 миң учуру катталды

Ден соолук 0

Бишкек, 08.01.25. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын биринчи аптасында курч респиратордук вирустук инфекциянын (КРВИ) 4 миң 245 жана сасык тумоонун 16 учуру катталды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева билдирди.

Анын айтымында, бул өткөн аптага салыштырмалуу 1,9%га аз.

“Бирок оору республикалык орточо эсептен эки эсе көп болуп жатат. Сасык тумоонун жана КРВИнин төмөнкү температуралык шарттарына туруктуулугун эске алуу менен калк арасында ооруга күн сайын мониторинг жүргүзүү улантылууда”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий