Бишкек, 24.12.24. /Акназик Тургунбаева-Кабар/. Кыргызстанда башка өлкөлөргө салыштырмалуу сөз эркиндиги бар. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде иликтөөчү журналист Мирлан Дүйшөнбаев билдирди.
Анын пикиринде, Кыргызстанда ар бир жарандын ой эркиндиги бар, андан келип ар бир жарандын сөз эркиндиги бар. Бирок, абсолюттук чындык жок болгондой эле, абсолюттук негиздеги сөз эркиндиги бар.
"Ар бир жаран өлкөдө болуп жаткан окуя, көйгөйлөр боюнча эркин ойлоно алышат, ошол эле учурда оюн эркин айта алышат. Бийлик бутактарын, жогорку бийликтеги кызмат адамдарын сындай алышат. Ар бир жуналист же болбосо жөнөкөй адам оозеки түрүндө дагы, жазуу түрүндө дагы оюн эркин билдире алат. Мындан улам бизде сөз эркиндиги жок дегендерге кээде түшүнбөй кетем. Бизде Кудайга шүгүр башка өлкөлөргө салыштырмалуу сөз эркиндиги бар. Дүйнөдө сөз эркиндиги эле эмес, ойлонуу эркиндигинен ажыраган өлкөлөр дагы бар. Болгону биз мыйзам чегинде иш алып барганды, жоопкерчилигибизди билишибиз керек. Ар бирибиз айтканда, жазганда ошонун аркасындагы жоопкерчиликти билишибиз керек. Сөз эркиндиги бар деп эле каалаган нерсени сүйлөп, жаза берсек, каалагандай сындай берсек анда бул сөз эркиндиги эмес эле башаламандык өкүм сүргөн өлкөгө айланат. Дагы бир жолу айтып кетейин бизде сөз эркиндиги бар, болгону аны айрымдар сөз эркиндиги бар демек мен эмнени айтсам жазсам боло берет, акты кара деп жалганды чын кылып жаза берсем болот, ал үчүн мени эчким эчнерсе кыла албайт жана укуктарыма шек келтирилбеш керек деп түшүнүшөт экен. Бул эми ар бир адамдын жеке түшүнүгүнө жараша болот экен”,-деди ал.
Ал эми “Кыргыз Туусу” гезитинин мурдагы башкы директору Мырзакат Тыналиевдин айымында, Кыргызстанда сөз эркиндиги буга чейин эле болуп келген жана бүгүнкү күндө дагы бар.
“Кыргызстанда сөз эркиндиги буга чейин эле болуп келген жана бүгүнкү күндө дагы бар. Мурдагы гезиттерде эмне деген гана макалар жазылбады. Журналист өзүнүн жеке кызыкчылыгынан пайдаланып, нечендеген адамдарга ак жеринен айып тагып, туура эмес өңүттөгү маалыматтарды жазып эле келишкен. Учурунда ЖМКларга даттануу боюнча коммисия түзүлгөн. Ошол коммисиянын мүчөсү болуп эки жыл кызмат өтөгөм. Кээ бир учурларда аша чабуулар болуп кетип, соттук териштирүүлөр болуп кетет. Мына ошону биз сотко жеткизбей, сотко чейин териштирүү үчүн ушул коммисия түзүлгөн. Ушул комиссияда иштеген тажрыйбамдан айта алам, кээ бир учурда адамдарды ак жеринен каралап, материалдык жана финансылык кызыкчылык менен дагы пайдаланган учурлар кездешкен. Бирок, азыр ал коммиссия өзүнүн жумушун токтоткон. Бүгүнкү күндө кайра аны жандандыруу алдында турабыз. Анткени, азыр чындыгында эле журналисттер тарабынан аша чабуулар көп болуп жатат”,-деди ал.
Пикир
Оставить комментарий