• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Кыргызстанда акыркы суткада 7,8 миңден ашуун адам вакцина алды

COVID - 19 0

Бишкек, 15.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 7 миң 873 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 3 миң 839 адам вакцинанын биринчи дозасын 4 миң 28 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 262 миң 839 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 1 млн 55 миң 341 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий