• 87.45
  • 99.2
  • 1.06

Кыргызстанда акыркы беш жылда кылмыштуулук азайды

Коом 0

Бишкек, 14.01.25. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Кыргызстанда акыркы беш жылда кылмыштуулук азайды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде ИИМдин Республикалык окуу борборунун башчысы Бакыт Дубанаев билдирди.

Анын айтымында, соңку жылдары алдын алуу иш-чараларынын натыйжасында Кыргызстан Глобалдык тынчтык индексинде 25 баскычка көтөрүлүп, 70-орунду ээледи.

“Акыркы беш жылда кылмыштуулук азайып келе жатат. Өткөн жылдын ноябрынан, үстүбүздөгү жылдын февраль айына чейин эки айлык алдын алуу иш-чаралары өткөрүлүп жатат. Ушул иш-чаралардын негизинде жаңы жылдагы майрам күндөрү бир дагы оор кылмыш катталган жок. Адатта майрам күндөрү көп кылмыштар катталчу. Мындан сырткары, видеокөзөмөлдөр дагы өзүнүн жакшы натыйжасын берип жатат. Ошондой эле жыл бою кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн бир нече “Коопсуз өлкө - туруктуу келечек” аттуу темада форумдар өткөрүлдү. Мына ушундай иш-чаралардын аркасында кылмыштуулуктук акыркы беш жылда кескин азайды. Бул албетте кубандырарлык көрсөткүч”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий