Бишкек, 15.12.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда 509 мектеп жана 168 бала бакча карантинге жабылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 15-декабрдагы жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева билдирди.
“Бүгүнкү күндө өлкө аймагындагы 2 миң 357 мектептин ичинен 509у (21,5 пайызы) карантинге жабылып, онлайн режиминде билим берүүгө өттү. Ал эми 1 миң 510 бала бакчанын ичинен 168и (9,8 пайызы) карантинге кетти”, - дейт ал.
Жер-жерлер боюнча алганда:
- Баткенде 1 бала бакча карантинге жабылды;
 - Ош облусунда 1 мектеп;
 - Чүй облусунда мектептер толугу менен, 49 бала бакча;
 - Ысык-Көл облусунда 3 мектеп, 19 бала бакча;
 - Талас облусунда мектеп, бала бакчалар толугу менен жабылды;
 - Нарын облусунда 4 бала бакча;
 - Жалал-Абад облусунда 10 мектеп, 19 бала бакча;
 - Ош шаарында 10 мектеп;
 - Бишкек шаарында 40 мектеп.
 
	
                                                        
                    
                    
                    
                    
Пикир
Оставить комментарий