• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 22.12.21. /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында 21-декабрда саат 09:07де очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМ билдирди.

Жер титирөө Баткен облусунун Баткен районунун Жаны-Жер, Чоң-Кара айылдарында 3 балл, Жаны-Жер, Кара-Тумшук айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий