• 87.45
  • 94.92
  • 1.03

Кыргызстан менен Кытай товар импорттоого жагымдуу шарттарды түзүүнү талкуулашты

Экономика 0

Бишкек, 19.08.24. /Кабар/. Бишкекте Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бажы органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн артыкчылыгын тастыкташып, төмөнкү маселелерди талкуулашты:

- бажы тобокелдиктерин башкаруу жаатында тажрыйба алмашуу;
- Кытай менен Борбор Азиянын ортосунда бажы тобокелдиктерин башкаруу жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумдун долбоорун талкуулоо;
- Кыргызстандын бажы аймагына товарларды импорттоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана башка маселелер.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан жана Кытайдын бажы тобокелдиктери башкармалыгынын жетекчилеринин жолугушуусунун протоколуна кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий