Бишкек, 13.12.24. /Кабар/. Russian Traveller Awards аталышындагы Россия Федерациясынын улуттук туризм сыйлыгында Кыргызстан “КМШдагы туризм” номинациясында 2-орунду ээледи.
Туризм департаментинен билдиришкендей, 9-декабрда Москва шаарында “Russian Traveler Awards” улуттук туризм сыйлыгынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү.
Жеңүүчүлөрдү аныктоо окурмандар арасында онлайн добуш берүүнүн жана эксперттик калыстар тобунун тандоосу менен аныкталып, саякат дүйнөсүндөгү аттракциондор менен маршруттардан баштап, каада-салттарга жана майрамдарга чейин бардык мыктыларды тандалган.
Белгиленгендей, сыйлык жыл сайын Россиянын туристтик картасындагы негизги чекиттерди аныктап, жаңыларын ачууга жардам берет.
Бул жылы сыйлык 3-ирет өткөрүлүүдө.
Сыйлыкка Россиянын, КМШнын жана башка өлкөлөрдүн 64 аймагы катышып, ага катышуу үчүн 500дөн ашык арыз түшкөн. Добуш берүү 21 номинация боюнча өтүп, добуш берүүгө 500 миңден ашык колдонуучу катышкан. Онлайн добуш берүү 2024-жылдын 20-майынан 31-октябрына чейин өттү.
Russian Traveler Awards 2024 сыйлыгынын жеңүүчүлөрү ачык онлайн добуш берүү аркылуу аныкталды, бирок окурмандардын тандоосуна эксперттик калыстар тобунун добуштары да кошулду.
"КМШдагы туризм" номинациясында төмөнкү өлкөлөр орун алды:
1-орун: Азербайжан
2-орун: Кыргызстан
3-орун: Өзбекстан
Белгилей кетсек, аталган сыйлыкты "Russian Traveler" басылмасы уюштурат.
Пикир
Оставить комментарий