Бишкек, 14.01.25. /Кабар/. Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын академиялык алмашуу кызматынын (DAAD) Борбордук Азиядагы регионалдык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси, доктор Гизела Циммерманн менен жолугушту.
ТИМден билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстан менен DAAD ортосундагы кызматташтыктын келечеги талкууланды.
Элчи Текебаев Кыргызстан үчүн бул кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгилеп, Германияда билим алып, илимий изилдөө жүргүзө ала турган кыргызстандык студенттер, аспиранттар жана жаш окумуштуулар үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын белгиледи. Кыргызстандын ЖОЖдорунун окутуучуларынын квалификациясын жогорулатууга Германиянын жогорку окуу жайларынын кошкон зор салымы да белгиленди.
Доктор Циммерманн Кыргызстан жана башка Борбордук Азия өлкөлөрү менен ийгиликтүү кызматташууну улантуу ниетин тастыктады, ошондой эле жакынкы арада Бишкектеги DAAD регионалдык кеңсесинин иши баштала турганын билдирди.
Тараптар мындан аркы тыгыз кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.
Пикир
Оставить комментарий