Бишкек, 25.09.24. /Кабар/. 2024-жылдын биринчи жарымында ЕАЭБдин ички дүң продукциясынын көлөмү 2023-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 4,6%га өстү, деп билдирет Евразия экономикалык комиссиясы.
Алсак, отчеттук мезгилде ЕАЭБде товарларды өндүрүү 4,3%га, кызмат көрсөтүүлөр 5,2%га өскөн.
ЕАЭБ өлкөлөрүндө 2024-жылдын январь-июнь айларында ички дүң продукцияны өндүрүүнүн өсүшү төмөндөгүдөй көрсөткүчкө жеткен:
- Кыргызстанда – 8,7%;
 - Беларуста – 7,5%;
 - Арменияда – 7,3%;
 - Россияда – 4,2%;
 - Казакстанда – 3,6%.
 
	
                                            
                                            
                                            
                                            
            
            
            
            
            
            
                    
                    
                    
                    
Пикир
Оставить комментарий