• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

“Кыргызфармациянын” жана Дары каражаттары департаментинин башчылары кызматтан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 17.01.24. /Кабар/. “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын директору Гүлмира Шакирова менен Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин башчысы Мариям Жанкорозова ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Белгилей кетсек, Гүлмира Шакирова кызматка 2023-жылдын 10-апрелинде, Мариям Жанкорозова 2023-жылдын 7-июлунда дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий