• 87.45
  • 100.37
  • 1.12

Кыргыз-өзбек түбөлүк достугу туу чокусуна чыкты – Султонмурод Олим

Коом 0

1994-жылдын 24-декабрында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда "Түбөлүк достук" тууралуу келишимге кол коюлган. Биринчи жолу эгемендикке жетишкен мамлекеттер үчүн чоң тарыхый мааниге ээ болгон бул окуяга бүгүн туура 30 жыл болду. Тарых канчалык алыстап барган сайын, ар кандай окуя, өзгөрүштөрдүн тарыхый маани-маңызы ошончолук арта берет. Ушул маанайда "Кабар" агенттиги Өзбекстандын белгилүү окумуштуусу жана коомдук ишмери, филология илимдеринин доктору, Ташкент прикладдык илимдер университетинин профессору Султонмурод Олимге суроолор менен кайрылды.

Урматтуу Султонмурод мырза, сизди илимий, саясий жана турмуштук тажрыйбасы чоң адис катары билебиз. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда мындан 30 жыл мурда кабыл алынган "Түбөлүк достук" тууралуу келишимдин тарыхый маанисин жана муну реалдык турмушта жүзөгө ашырып жаткан кыргыз жана өзбек элдеринин жолбашчылары Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёевтин салымдарын кандай баалайсыз?

– Албетте Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда кабыл алынган "Түбөлүк достук" тууралуу келишим чоң тарыхый мааниге ээ. Анткени, бул эки мамлекет эл аралык мамилелердин дүйнө коомчулугуна таанылып келе жаткан субъекттери болгонунан улам, өзбек жана кыргыз калкынын кылымдарды карыткан достугу түбөлүк экендигин эл аралык деңгээлде белгилөө ошол доордо зарыл болгон деп ойлоймун.

Өткөн 20 жыл эки кошуна мамлекет, эки боордош эл үчүн тарыхый сыноолорго, ошондой эле ийгиликтерге да жетишкен доор болду. Айрыкча соңку сегиз жылдын ичинде эки коңшу мамлекеттин ортосундагы мамиле түп-тамыры менен оң тарапка бурулду, кээ бир себептерден улам кыйладан бери жабылып турган чек аралар кайра ачылды. Учурда эки тараптуу карым-катыш, кызматташтык болуп көрбөгөндөй деңгээлге жетти, ал эми ортодогу айрым көйгөйлүү маселелер акылмандык менен сүйлөшүүлөр негизинде чечилүүдө.

Албетте, мында эки өлкөнүн жетекчилеринин Шавкат Мирзиеёв жана Садыр Жапаровдун биринчи кезекте коңшу мамлекеттер менен ынак мамиле түзүүгө багытталган адилеттүү, даанышмандык менен жүргүзүп жаткан саясаты, келечеги кенен демилгелери өзгөчө мааниге ээ.

Чынын айтсам, эки өлкө эгемендүүлүк алган 34 жылга жакын мезгилде биздин өз ара мамилебиз мындай деңгээлге жеткен эмес. Бул эки өлкөнүн лидерлери өз өлкөсүнүн жана калкынын келечеги, эң оболу жакын коңшулары менен тыгыз кызматташууга түздөн-түз байланыштуу экендигин көрөрүн айкындайт. "Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык" деп элибиз бекеринен айтпаган. Жакшы-жаман күндөрдө биринчилерден болуп коңшуң угат, колун сунат.

Эки өлкөнүн чек ара алкагында жашаган элдин кубанычын теле берүүлөрдөн көрүп, чын жүрөгүмдөн кубанып турам. Анткени, элдерибиз кылымдар бою коюн-колтук алышып, бир туугандай боордош болуп жашап келишкен.

Дүйнөгө сересеп салсак, кайсы бир мамлекет өсүп-өнүгүп гүлдөп кетсе, анын өзөгүндө кызматташтык жатат. Өзбекстандын Кыргызстандан күткөн өз кызыкчылыгы бар, табигый түрдө Кыргызстандын да Өзбекстандан күткөн өз кызыкчылыгы бар. Өзбекстандын мал чарбасы, аарылары Кыргызстандын бийик тоолорундагы жайлоолорду жайыттап келген. Эки өлкөдө тең өндүрүлгөн продукциялар базарларыбыздын көркүн ачат. Ушундан улам, эмне үчүн биз 21-кылымда өз ара соода-сатыкты өнүктүрбөшүбүз керек? - деген суроо пайда болот. Биргелешкен ишканаларды түзүшүбүз керек. Элибиздин - "Байлык башында биримдик бар", "Ынтымак бар жерде ырыс бар" деген учкул сөздөрү кулагыбызда дайыма жаңырып турат. Элдерибиздин бир-биринен үйрөнө турган, дагы эле үйрөнүшү керек болгон нерселер бир далай. Кыргыз-өзбек достугу бүгүн туу чокусуна чыкты деп толугу менен айтууга болот.

– Кыргыз-өзбек достугу кылымдардан бери уланып келе жатканын жакшы эске салдыңыз. Муну эки өлкөнүн аймагындагы жерлердин аталышы тарыхый жактан тастыктап турат. Маселен, Өзбекстандын көп жерлерде "кыргыз" деген этнонимдерди көрөбүз. Мындай жер-суу аттары сиз туулуп-өскөн Бухара облусунда да бар экенин билем. Бирок бул облус Кыргызстандан бир кыйла алыс. Ушулар боюнча кененирээк айтып берсеңиз.

– Сурооңуздун мазмунунан менин өмүр баяным менен массалык маалымат каражаттарынан, социалдык тармактардан таанышкандыгыңыз көрүнүп турат. Анткени мен Бухара облусунун Вобкент районундагы Qirgizon (Кыргызон) айылында төрөлгөм. "Кыргыз" этнониминдеги -он перс-тажик тилдеринин көптүк суффикси, б.а. -дар дегенди билдирет. Демек, айылдын аты "кыргыздар" дегенди билдирет.

Бүгүнкү күндө дүйнөдө 40ка жакын түрк элдери бар. Түрктөрдүн жалпы саны 200 млн. Бул албетте төмөн көрсөткүч эмес. Ал эми түрк элдеринин ичинен биринчилерден болуп кыргыздар улут болуп калыптанган. Муну дүйнөлүк илим толугу менен тастыктайт. Анткени, "кыргыз" деген аталыш биздин заманга чейинки III кылымга таандык булактарда кездешет. Ал эми "түрк" деген аталышка 7 кылымдан кийин, башкача айтканда, биздин замандын IV кылымында жолугабыз. Сибирдеги хакас аты "кыргыз" деген маанини билдирет. Кылымдар бою "кыргыз" - "каргаз" - "харкас" - "хакас" болуп өзгөргөн. Алтай эли кыргыздарга улут катары жакын экенин окумуштуулар кайра-кайра баса белгилешет.

Ушундан улам өзбектердин арасында кыргыз урууларынын өкүлдөрүнүн бар экендиги мыйзам ченемдүү көрүнүш. Эгер өзбектер жашаган жерде "кыргыз" деп аталган жерди көрсөңүз, мындай жерлер, аталыштар тигил же бул жагынан ошол байыркы кыргыздар менен түздөн-түз байланышта экенин билиңиз. Бул жерде өтө кызыктуу аргумент келтирсе болот. Манастын колуктусу Хоникей Бухара өкүмдарынын тун кызы болгонун жакшы билесиз.

Биздин айыл Бухарадагы "кыргыз" деген ат менен байланышкан жалгыз айыл эмес. Мисалы, Шафиркон районунда Неккиши, Зарчабек айылдары бар. Атында чагылдырылбаганы менен ал жердеги айрым тургундар, "Биз кыргыз уруусунанбыз" деп айтышат.

Дагы бир нерсе. Түрк элдери байыртадан бери улак чабууга аябай өч болгон. Бухарада бул оюн "куввори" деп аталат. Алгач бул оюндун аты "көк бөрү" болгон. Бухарача айтылышы ошол түпкү атка жакынырак угулат. Көк бөрү — бул ат үстүндө ойноочу улуттук спорт. Чабандестер эки топко бөлүнүп, өз ара макулдашуунун негизинде күрөшөт. Анда бир команданын өкүлү улакты алып жатканда, өнөктөштөрүн тегеректеп, башка команданын өкүлдөрүн ага жакындатпаш үчүн чараларды көрөт.

Бухарада да бул оюн эки команданын ортосунда ойнолгон. Бул эки команданын бири "кыргыз", экинчиси "учуруг" (үч уруу) деп аталган. Ошентип, үч уруу (балким наймандар, күнгироттор, миңдер) бир команда болуп, алар менен "кыргыз" командасы жалгыз күрөшкө киришет.

Көк бөрү оюндары өткөн кылымдын 70-жылдарынын ортосуна чейин Бухара айылдарында уланып келген. Колхоздор арабага кошуу үчүн жылкы өстүрүүгө укуктуу болгондуктан, кээ бир аттар атайын көк бөрү үчүн багылган. Мен үчүн "Кыргызон" деген сөз абдан ыйык. Анткени, ал менин киндик каным тамган жердин аталышы. Ырларымда ал ата-мекен, эне-жердин кичинекей символу катары сүрөттөлөт.

– Адабият таануучу окумуштуу, акын, публицист катары эки өлкөнүн адабият жана искусство өкүлдөрүнүн өз ара кызматташтыгынын учурдагы деңгээлине сиздин мамилеңизди билгибиз келет. Бул багытта эмне кылуу керек деп ойлойсуз?

– Өзбек эли заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовду өзүнүн перзентиндей жакшы көрөт. Соңку жылдары белгилүү адабият таануучу, Өзбекстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Өзбекстан-Кыргызстан достук коомунун төрагасы Зухриддин Исомиддинов "Манастын" акыркы вариантын өзбек тилине которгон. Бул автор Кыргызстан жана андагы өзбектер тууралуу "Мекеним – Кыргызстан, Ош" деген чоң китеп жазган. Учурда менин “Көңүлдүн аңчылыгы” аттуу пьесамды Ош театрында коюуга даярдык көрүлүүдө.

Бизде адабий байланыштарды, өз ара котормолорду, адабият жана искусство ишмерлеринин достугун, кызматташтыгын жогорку деңгээлге көтөрүүгө чоң мүмкүнчүлүк бар. Булардын бардыгы келечекте өз ирети менен жүзөгө ашат деп ойлойм.

Дагы бир нерсени тактап айта кетейин. "Өзбек тили" деген кең түшүнүк, ал эми "өзбек адабий тили" тарыраак түшүнүк. Өзбектердин карлук-чигил диалектисинин өкүлдөрү тил жагынан уйгурларга жакын. Бул диалект өзбек адабий тилинин өзөгүн да түзөт. Бирок, бизде да огуздар бар. Алардын диалектиси түрк, азербайжан, түркмөн, гагауз тилдерине жакын. Өзбек элинин кыйла бөлүгүн кыпчак диалектисинин өкүлдөрү түзөт. Алар кыргыз тилиндей эле сүйлөшөт. Мисалы, биздин кыпчак диалектисинин өкүлдөрү кыргыздарга окшоп "жетимиш", "жүз", "жаш", "жок" деп сүйлөшөт. Бул жагынан алганда кыргыз калкы бизге этникалык жактан эң жакын элдердин бири.

Андыктан, келечекте эки өлкөнүн илимпоздору менен биргеликте тарыхыбызды, тилибизди, адабиятыбызды биргелешип жазып, колдон келишинче өз ара ой-пикирлерибизди таап, дүйнөгө көрсөтүүбүз зарыл. Ошондой эле Өзбекстан менен Кыргызстандын Түрк мамлекеттер уюмунун алкагындагы кызматташтыгы келечекте жогорку деңгээлге көтөрүлөт деп ишенебиз.

– Урматтуу Султанмурод мырза жаңы фактыларга бай, өтө маңыздуу маегиңиз үчүн рахмат.

Маалымат үчүн: Адабият таануучу Султонмурод Олимов 1954-жылы Бухара облусунун Вобкент районундагы Кыргызон айылында туулган. Ташкент мамлекеттик университетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн. 1993-жылдан Өзбекстан Жазуучулар союзунун мүчөсү. Өзбекстандын Илимдер академиясынын Алишер Навои атындагы Тил жана адабият институтунунда, Тышкы иштер министрлигинде, Өзбекстандын президентинин аппаратында, Республикалык руханий көтөрүү борборунда иштеген. Учурда "Накшбандия" журналынын башкы редактору. Өзбекстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, "Эмгек даңкы" ордени менен сыйланган.

Маектешкен Төлөнбай Курбанов, Ташкент шаары, 24-декабрь, 2024-жыл

Пикир

Оставить комментарий