Бишкек, 26.12.24. /Кабар/. Кыргыз оор атлетчилери Казакстандагы ачык турнирде байгелүү орундарга ээ болду.
Бишкек мэриясынан билдиришкендей, мелдеш 19-декабрдан 24-декабрга чейин Казакстандын Кокшетау шаарында өтүп, эмгек сиңирген машыктыруучу В.Юпактын жаркын элесине арналган.
Мелдештин максаты – өлкөлөрдүн спортчуларынын ортосундагы достукту чыңдоо жана жаштар арасында оор атлетиканы жайылтуу.
Турнирдин жыйынтыгы боюнча кыргыз спортчулары төмөнкү байгелүү орундарды ээлешти:
- I орун - Мамбетказиева Саида;
- I орун - Женишбек уулу Нургазы;
- I орун - Байгабылов Азамат;
- I орун - Абдыкалыков Рухшат;
- I орун - Абдылдаев Тимур;
- I орун - Жолдошкулов Айтегин;
- I орун - Кадырахунов Илхам;
- II орун - Марсов Бекназар;
- II орун - Миназаров Муканбет;
- II орун - Курбанбек кызы Айдай;
- III орун - Мажитов Дастан;
- III орун - Назарбаев Азамат.
Пикир
Оставить комментарий