• 87.45
  • 99.57
  • 1.07

Кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 29.04.19. /Кабар/. КР Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси К.Кокрекбаевди кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланган.

“2019-жылдын 23-майында Казакстандын Тышкы иштер министри Б.Атамкуловдун Кыргызстанга күтүлүп жаткан расмий иш сапарын уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду”, - деп кошумчалашты ведомстводон.

Пикир

Оставить комментарий