• 87.45
  • 95.09
  • 1.01

Кыргыз дипломатиясы эл аралык аренада өзүнүн татыктуу ордун ээледи

Аналитика 0

Бүгүн Кыргызстан эл аралык аренада таанылып, урмат-сыйга ээ болгон мамлекет. Өлкө дүйнөлүк саясий процесстерине толук кандуу катышып , тең салмактуу тышкы саясатты улуттук кызыкчылыктарга негизделген принциптүү багытынын аркасында алып барууда.

Албетте, башында эл аралык коомчулук гана эмес, өлкөдөгү жаңы бийликке терс көз караштагы күчтөр, Садыр Жапаров тышкы саясатта кандай кадамдарды таштайт деп күтүп турушкан. Себеби, тышкы саясатты туура жүргүзүү татаал, өлкө башчыдан чечкиндүүлүктү, эрктүүлүктү, сабырдуулукту талап кылган, жоопкерчиликтүү иш. Кыргызстан эгемендүү болгондон бери тышкы саясатта бүгүнкүдөй, тең ата, достук мамилелерди түзгөн, ишенимдүү өнөктөш болгон, мамлекеттин гана кызыкчылыгын көздөгөн өлкө башчы болгон эмес деп айрым эксперттер белгилеп келет.

“Акыркы 2-3 жылды талдай турган болсок, президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында туруктуу тышкы саясат жүрүп жатат. Эл аралык аренада Бишкек бардык милдеттенмелерин жана келишимдерин аткарып, жоопкерчиликтүү өнөктөш жана союздаш катары иш алып барууда. Ошол эле учурда Кыргызстан кандайдыр бир тышкы оюнчулардын геосаясий кызыкчылыктары үчүн өзүбүздү чектеп салууга жол бербей турганын ачык билдиргенин белгилей кетүү керек”,- дейт мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов.

Кыргызстандын тышкы саясаты учурда дүйнөлүк тенденцияга туура келип, тең салмактуу болуп, кыргыз элинин кызыкчылыгына жооп берет. Биз улуттук кызыкчылыктарыбызды кабыл алган жана эске алган бардык өлкөлөр менен тең укуктуу жана өз ара пайдалуу кызматташууга даярбыз жана ачык экени байкалат. Кыргызстан бүгүн дүйнөлүк аренада эки тараптуу жана кеңири форматтагы мамилелерди ийгиликтүү жүргүзүп, көптөгөн эл аралык уюмдардын активдүү катышуучусу.

“Мамлекеттик коопсуздукту жана аскердик кызматташтыкты камсыз кылуу жагынан биз ЖККУ жана ШКУнун алкагында кызматташууну арттырууну улантып жатабыз. Биз ЕАЭБ өлкөлөрү менен экономикалык интеграцияны өнүктүрөбүз, БРИКС өлкөлөрү менен экономикалык өз ара аракеттенүүгө умтулуп жатабыз, биздин негизги өнөктөштөр – Россия, Кытай, Түркия, Индия, Түштүк Корея, Араб өлкөлөрү жана айрым Европа өлкөлөрү. Биз БУУнун бардык структураларында динамикалуу иштейбиз. Биздин тышкы саясатыбыздын артыкчылыктары – эң жакын өлкөлөр, тарыхый өнөктөштөр менен достугубуздун бекемделиши жана ар тараптуу интеграция жалпы өнүгүүбүздүн жана узак мөөнөттүү туруктуулуктун ачкычы. Бирок, ошол эле учурда, биз эч кимден алыстабайбыз, эгерде элибизге пайда алып келип, улуттук кызыкчылыктарга жооп берсе, баардыгы менен байланышты өнүктүрүүгө ачыкпыз. Энергетиканы жана өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүү, транспорттук инфраструктураны жана логистиканы, туризмди жана айыл чарбаны жөнгө салуу, бизде көптөгөн өлкөлөрдүн ишмердүүлүгү үчүн пайдалуу боло турган кызыктуу, келечеги бар көптөгөн долбоорлор бар. Бишкек ар кандай байланыштар үчүн ачык жана бул оң натыйжаларды берери талашсыз”,- дейт Аликбек Жекшенкулов.

Беш кол тең эмес дегендей, эл аралык аренада бири күчтүү, бири алсыз өлкөлөр бар. Ушуга жараша аларга болгон мамилелер дагы ар кандай. Кыргызстан бул жаатта бир калыптагы өлкө катары өзүн дүйнөгө таанытып, мамилелерде “эки отургучка” отурууга аракет кылган эмес. Мамлекет башчысы жана биздин дипломатиялык өкүлчүлүк тышкы саясаттын артыкчылыктары кырдаалга жараша же тышкы оюнчулардын басымы астында өзгөрбөй турганын так белгилеп беришти. Албетте, мындай позиция урматтоого татып, эл аралык аренада өлкөбүздүн аброюн көтөрүп келет.

“Буга президентибиз Садыр Жапаров жана Кыргызстандын өкмөт мүчөлөрү катышкан көптөгөн чет элдик сапарлар, саммиттер далил. Бир нече жылдын ичинде дүйнөлүк лидерлер менен жогорку деңгээлдеги жолугушуулар менен ондогон чет өлкөлүк сапарлар болду. Бишкекте чет мамлекеттердин башчылары көп жолугат. Бул биздин дипломатиянын деңгээлинин жогорулаганын баса белгилеп, өлкөбүздүн имиджин бекемдейт.”- дейт эксперт.

Борбор Азия өлкөлөрү бүгүн дүйнөлүк аренадагы ири мамлекеттердин жана ар кандай союз, биримдиктердин кызыгуусун арттырып келет. Ошондуктан бул региондогу беш мамлекет бирдикте БА5+ форматы жигердүү өнүгүп келе жатат.

“Бул Батыш өлкөлөрү менен, салттуу жана эң жакын өнөктөштөр катары байланыштарды сактоонун жумушчу формуласы. Өзгөчө Өзбекстан жана Тажикстан менен чек ара маселелерин чечүүдө биздин дипломатиянын чоң жеңишиннен кийин маанилүү болуп калды. Пикир келишпестиктерди жеңип, бардык талаштуу аймактарды макулдашкан Борбор Азия өлкөлөрү туруктуу, келечектүү аймакка айланууда. Интеграция процесстери азыртадан күч алууда, ошондуктан БА5+ форматтары суроо-талапка ээ жана жакшы натыйжаларды берет”,- дейт Аликбек Жекшенкулов

Тышкы саясаттагы дагы бир белгилеп кетчү нерсе, бул Кыргызстанды бүгункү күндөгү БУУнун иштерине, мурдагыдай үн чыгарбай катышып, отуруп бергендин ордуна, тескерисинче, бийик трибунадан дүйнөлүк көйгөйлөрдү көтөрүп, аларды чечүү боюнча демилгелерди сунуштап келе жатканы.

“БУУнун Башкы ассамблеясынын 2024-жылдын күзүндө өткөн сессиясында Кыргызстан тарабынан бир топ иштер жасалган. Президентибиз климаттын өзгөрүшү, тынчтыкты сактоо жана жакырчылык менен күрөшүү боюнча абдан кызыктуу жана мазмундуу сөз сүйлөгөн. Өлкөбүздө тоо саммитин өткөрүү демилгесин Бишкек көтөрүп чыкты. Кыргызстан да БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкер катары дагы арызын берген”,- деди Жекшенкулов.

Башкача айтканда, президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында биздин дипломатия акыркы бир нече жыл ичинде өзүнүн өнүгүүсүнө жана эл аралык аренада өлкөнүн кызыкчылыгын илгерилетүүгө чоң кадам таштады.

Бактыбек Мамбетов, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий