Бишкек, 30.11.24. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев "Борбордук Азия – Кытай" форматындагы тышкы иштер министрлеринин бешинчи жолугушуусуна катышат.
Ведомстводон маалымдашкандай, саясий иш-чара 1-декабрында Кытай Эл Республикасынын Чэнду шаарында өтөт.
Жолугушуунун жүрүшүндө аймактык кызматташуу жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен Кытайдын ортосундагы көп вектордуу өнөктөштүктү бекемдөө маселелери талкууланат.
Негизги темалардын бири 2025-жылы Казакстанда өтө турган "Борбордук Азия – Кытай" экинчи саммитине даярдыкты талкуулоо болмокчу.
 
	 
                                                         
                     
                     
                     
                    
Пикир
Оставить комментарий