• 85.61
  • 93.38
  • 1.04

КР өзгөчө кырдаалдар министри россиялык кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөштү

Коом 0

Бишкек, 27.11.23./Кабар/. Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министриБообек Ажикеев Россиянын жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу министриАлександр Куренков менен телефон аркылуу сүйлөштү.

ӨКМден билдиришкендей, кесиптеши менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Бообек Ажикеев президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Палестинанын Газа тилкесинин жабырлануучуларына гуманитардык жардам көрсөтүлөрүн айтты.

Ошондой эле сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Палестина мамлекетинин учурдагы абалы, жарандарды эвакуациялоо иштеринин жүрүшүн талкуулап, эки өлкөнүн министрликтери жабыр тарткан өлкөгө биргеликте гуманитардык жардам көрсөтүү тууралуу макулдашты.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Газа тилкесиндеги кыргызстандык эки жаранды эвакуациялашкандыгы үчүн россиялык куткаруучуларга өз ыраазычылыгын билдирди.

Мындан тышкары, эки тараптуу кызматташууну бекемдөөнүн, аны ийгиликтүү өнүктүрүүнүн бир катар актуалдуу багыттары талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий