• 87.45
  • 101.25
  • 1.1

КР менен Ирандын ИИМ башчылары «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексине барышты

Коом 0

Бишкек, 13.09.19. /Кабар/. Кыргызстан менен Ирандын Ички иштер министрлери Кашкар Жунушалиев менен Абдолреза Рахмани Фазли «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексине барышты. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн министрлери 1916-жылдагы кайгылуу окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун мемориалына гүлчамбар коюшту.

Ошондой эле, министрлер жана делегациянын өкүлдөрү улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун көрүстөнүнө гүл коюп, эскеришти.

Пикир

Оставить комментарий