• 87.45
  • 101.25
  • 1.1

КМШнын аткаруу комитетинин төрагасы: Парламенттик шайлоо КР мыйзамдарына ылайык өттү

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 29.11.21. /Кабар/. Парламенттик шайлоо Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык өткөрүлдү. КМШнын байкоочулар миссиясынын техникалык мүчүлүштүктөрдү көзөмөлдөө мумкүнчүлүгү жок, бирок биз бийлик аны иретке келтирип, добуштарды ачык-айкын эсептөө үчүн бардык зарыл иштерди жасайт деп ишенебиз. Бул тууралуу брифингде КМШнын аткаруу комитетинин төрагасы – аткаруучу катчысы Сергей Лебедев билдирди.

“Биз Кыргызстанда туруктуулук болуп, анын гүлдөп өнүгүүсүнө кызыкдарбыз. Укуктук чөйрөдө болгон бардык маселелерди чечүү үчүн бардык мыйзамдуу негиздер бар, бирок мыйзам чегинен чыга албайсың», - деген ал күрөштө татыктуу ойнош керек, анда жеңгендер да, жеңилгендер да болот деп кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий