Бишкек, 17.01.25. /Кабар/. Күн мурун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратында коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү тууралуу жыйын өттү.
Ведомстводон маалымдашкандай, жыйында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү менен бирге ӨКМдин жалпы жамаатына "Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр тааныштырылды.
"Президент Садыр Жапаров кылмышкерлерге каршы күрөшүү, укук бузуу сыяктуу бир катар мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду. Бул мыйзамдар өлкө аймагында жыл башынан тарта ишке кирди. Жаңы өзгөртүүлөр тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өлкө аймагындагы башкармалыктарына, мекмелерине жеткирилүүдө. Ар бирибиз коррупцияга аралашпай, мыйзам менен иштеп, мамлекетибизге салым кошолу", - деди өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов.
УКМК өкүлүнүн айтымында, Кыргызстанда бардык мамлекеттик мекеме-ишканаларда коррупцияга каршы күрөшүү тынымсыз жүрүүдө.
"КР Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратылат жана мамлекеттик, муниципалдык кызматта кызмат орундарын ээлөөгө өмүр бою тыюу салуудан турат. Кызматкерлер жасаган кылмыштарына жараша бир нече жылдарга эркиндигинен ажыратуулар каралаган”, - деди ал.
Жыйындын соңунда Азамат Мамбетов кызматкерлерди коррупциядан, кызматтык ката кетирүүлөрдөн алыс болууга чакырып, аталган мыйзамдагы өзгөртүүлөрдүн ар бирине токтолуп, түшүндүрүп берди.
Пикир
Оставить комментарий