• 87.45
  • 101.07
  • 1.11

ӨКМ: Найман каналына чөгүп кеткен баланын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 27.07.20. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Найман каналына чөгүп кеткен баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Найман каналына 2002-жылы туулган бала чөгүп кеткендиги тууралуу билдирүү түшкөн. Издөө иштерине тогуз куткаруучу, жергиликтүү тургундар жана милиция кызматкерлери тартылган. Издөө иш-чарасынын натыйжасында баланын сөөгү суудан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий