• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

ӨКМ кар көчкү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 02.02.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, 2синен 4-февралга чейин түзүлгөн метеорологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Кар көчкү түшүү коркунучу Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-260 чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу) сакталат.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий